Жаңы дайындоо! Салык кызматынын башчысы болуп Илияз Иманбетов дайындалды

15 апреля 2021 11:15 1753 Barometr
Поделиться в:
ok

Илияз Иманбетов Салык кызматынын жаңы жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Иманбетов Илияз Жеңишович премьер-министр Улугбек Мариповдун 2021-жылдын 14-апрелиндеги буйругу менен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Кечээ, 14-апрелде КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улугбек Кармышаков Салык кызматынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. 

КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Салык кызматынын жаңы башчысына ведомствонун алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча милдеттерди белгилей кетти, ошондой эле салыктык башкаруу системасында олуттуу реформаларды андан ары жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

КР Өкмөт башчысынын башка буйругуна ылайык Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду",- деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-dajyndoo-salyk-kyzmatynyn-bashchysy-bolup-iliyaz-imanbetov-dajyndaldy



Добавить комментарий