Жаңы айып пулдар МАИ кызматкерлерин жыргатып, коррупцияга жол ачабы?

11 января 2019 12:30 2164 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Айып пулдарды жогорулатуу МАИ кызматкерлеринин чөнтөгүн калыңдатып, коррупцияга салым кошуу болуп жатат.  Мындай пикирди депутат Жанар Акаевдин жазган постунун астына көпчүлүк интернет колдонуучулар айтышты. 

Жанар Акаев өзүнүн жеке баракчасы аркылуу элдерге айып пулдарды эселеп жогорулатуу тууралуу башкалардын пикирин сурап, суроо салган. Анда көпчүлүк түкүрүк үчүн 5500 сом өтө эле ашыкча экендигин, айдоочуларга коюлган айып пулдар бир гана МАИ кызматкерлерин жыргатаарын айтышкан.

Жыргал Асанов аттуу интернет колдонуучу айдоочуларга айып пулду жогорулатса, 17500 сомдун ордуна 5000 сом берип кете бер деп  МАИ кызматкерлери ортодон колдонушу мумкүн. Ошондуктан коррупция менен күрөшпөй эле, кайра жол ачылып жатат-деген пикирин калтырган. 

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстер күчүнө кирип, жаны мыйзамдар иштей баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-ajyp-puldar-mai-kyzmatkerlerin-zhyrgatyp-korrupciyaga-zhol-achaby



Добавить комментарий