Жашыруун депрессия менен ооруп, бирок билбей жаткан жоксузбу? 10 белги
Жашыруун депрессия-бул башкаларга көрүнбөгөн кусалык, ал билинбей жан дүйнөнү жабыктыра берет. Жашыруун же болбосо орусча айтканда “скрытая депрессия” оорусунун белгилери тууралуу barometr.kg психологдон алынган маалыматтар менен бөлүшөт.
1-белги
Уйкунун бузулушу. Адамдын түн ичинде уйкусу качат же болбосо бир сыйра уктап саат 3-4төр маалында ойгонуп алып такыр уктай албай таң атырат.
2-белги
Адам ишине (хоббисине) абдан берилип, фанаттык деңгээлге чейин кирип кетет. Жумушту же болбосо хоббини жашыруун депрессия болуп жаткан адам реалдуулуктан качуунун бир жолу катары колдонуп калат.
3-белги
Буга чейин адамга тиешеси болбогон жашыктык же ага чейин адамда байкалбаган агрессия, каардануу, жинденүү, ачуулануу баарын сындырып талкалап жибергиси келген сезимдер пайда болот.
4-белги
Тамак-ашты жеген адаты өзгөрүлөт. Табит абдан эле жоголот же тескерсинче күчөп кетет.
5-белги
Ар кайсы дары менен өзүн дарылагысы келет. Ал депрессия болуп жатканын билбей, баарын стресске шылтап, “жумушту көп берип салышты” деп наалып ар түрдүү “керемет дарыларды”, витаминдерди иче калганга жөндөмдүү болуп калат. Адамда эмоциялар жөнөкөй жана үстүрт болуп, интеллекти төмөндөйт, алы куруп чарчайт.
6-белги
Жакын адамдар менен сыр чечишип сүйлөшкүсү келип, жан дүйнөсүндө тынчсызданууну бөлүшкүсү, ага кандай оор болуп жатканын айтып бергиси келе берет.
7-белги
Ар түрдүү стимул берүүчу заттардан жанын жай таптыргысы келет, тамеки, кофе, спирт ичимдиктерин ичүүнү каалайт.
8-белги
Эгер жашыруун депрессия болуп жаткан аял же эркек үй-бүлөсү менен ыркы келишпей жатса дагы жалгыз калгандан коркуп, ажырашуудан коркуп баарына чыдап жүрө берет.
9-белги
Жашоонун маңызы жок экени тууралуу ойлор келет, депрессия болгон өлүм тууралуу ойлонуп жана айта берет.
10-белги
Моюнда жана жүрөк тушта түшүнүксүз оору пайда болот, баш ооруйт жана өнөкөт оорулар козголот.
Мунун баары жашыруун депрессиянын белгилери болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashyruun-depressiya-menen-oorup-birok-bilbej-zhatkan-zhoksuzbu-10-belgi
Добавить комментарий ×