Канат Абдрахманов: “Элүү жылдан кийинки абалды азыртан ойлонушубуз керек”

25 сентября 2019 09:54 4155 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдан бери Кыргызстанда климатты каржылоо боюнча атайын уюм түзүлүп иштеп жатат. Алардын алдындагы негизги милдет – дүйнө алдында турган глобалдык жылуулуктун Кыргызстанга тийгизе турган таасирине ыңгайлашуу, ага даярдык көрүү болуп эсептелет. Мындай иштердин жашыл экономикага түздөн-түз тиешеси бар. Мына ушул уюмдун жетекчиси Канат Абдрахманов бизге мындайча маек куруп берди.

  • Канат мырза, биз азыркы учурда бүгүнкү күн менен жашап жатабыз. Деги 20 -30 жылдан кийин эмне болобуз, эмне калат, эмне өзгөрөт деп ойлонгон адам барбы?
  • Ошол 20 -50 жылдан кийин жер шарында боло турган өзгөрүүлөрдү анын ичинен климаттын глобалдык жылый тургандыгын эске алып, азыртан ага кам көрүп, кандай шартка адаптациялануу керектиги боюнча иштерди аткаруу үчүн, биздин уюм түзүлгөн. Мисалы, температура бир пайызга көтөрүлсө аба ысыйт. Буга ыңгайлашуу үчүн бак-дарактарды көп тигишибиз керек. Бак-дарактар канчалык көп болсо, температураны бир калыпта кармоого жардам берет. Ошондуктан азыр Эфиопия, Филиппиндерде бир күндө 100 млн. баш бак-дарактар тигилип жатканына күбө болуудабыз. Ушундай иштер климатка ыңгайлашуунун мисалдары болуп эсептелет.
  • Кыргызстанда акыбал анча деле жаман эмес экенин адистер айтып жатышат го?
  • Буга чейин акыбал чындап жакшы болчу, азыр жакшыдан жаманга өтүп бара жатат. Эски машиналардын көптүгүнөн зыяндуу бөлүп чыгуулар да арбын болуп, шаарларда аба бузулууда. Кыргызстанга электромобилдерди алып келүү, коомдук транспортту газга өткөрүү боюнча мэрия менен иштешүүдөбүз. Азыр Англиядагы эки кабат автобустар да электромобиль болуп калышкан. Биздин уюм ушундай иштерди аткарууда ортомчу  болуп, эл аралык фонддордон каражат тартуу, элге маалымат жеткирүү иштерин жүргүзөбүз. Ушу сыяктуу 7 - 8 долбоорду демилгеледик, эми алардын концепцияларын иштеп чыгып шаардык муниципалиттер, мамлекеттик мекемелер менен иш алып баруу иштери алдыда турат. Долбоорлорду даярдоодо, аларды эл аралык фонддорго сунуш кылууда да маселелер бар, анткени алардын талаптары, критерийлери башкача. Дагы мисал келтирсек, азыр бир топ аймактарда жолдор салынып жатат, бирок жолдордун эки тарабына бак-дарактарды отургузуу эске алынган эмес. Мындан сырткары, салынып жаткан жолдор азыркы климатка ылайыкталып салынып жатат. Он жылдан кийин абанын температурасы 50 градуска чыгып кетсе ал жолдор жарабай калат. Бул боюнча Транспорт жана коммуникация министрлиги менен иш алып барышыбыз керек.
  • Эгер глобалдуу карай келсек, 30 - 40 жылдан кийин таза суу маселеси негизги көйгөй болот го? Сиздер бул багытта кандай иштерди аткарууну көздөп жатасыздар?
  • Туура, таза суу маселеси чындап чоң көйгөйгө айланышы ыктымал. Кыргызстанда айрым аймактарда суу көп болсо, айрым жерлерге эмдигиче таза суу жете элек. Азыр айылдарга таза суу жеткирилип жатканы менен, алар 15-20 жылдан кийин боло турган акыбалды эске алынбай жасалып жатат. Натыйжада ошол сууну такай тейлеген техниктер, компаниялар жоктугунан кээ бир жерлерге жеткен таза суу дагы деле элге жетпей калууда. Ошондуктан ушундай иштерди жасаганда дароо рынок түзүлө тургандай кылып жасасак, мындай иштер уланып кетер эле. Айта кетчү нерсе, кайра жаралуучу  энергия булактарынын (ВИЭ) технологиялары кымбат болгондуктан жана бизде электрэнергиянын тарифи төмөн болгон үчүн бизге келбей жатат. Бирок ушундай технологиялар кирсе, алар дароо рынок түзүлө тургандай болуп кирсе жашап, иштеп кете алат. Белгилей кетчү нерсе, азыр мөңгүлөр көп эрип, суу көп болууда. Демек, азыр мөңгүлөр көп эрисе, 30-40 жылдан соң суу азая баштайт. Ошондуктан мөңгүлөр канча убакытта, кандай болуп эрий тургандыгын изилдеп чыккыла деп мамлекет бизге тапшырма берди. Айыл чарба министрлиги менен бир нече долбоорлорубуз бар, алардын бири - тамчылатып сугаруу боюнча массалык түрдө иш алып барууга аракет кылышыбыз керек. Суу боюнча дагы негизги маселе, бизде суу департаменти, ирригациялык суулар, жер алдындагы суулар бар. Бирок ушул үчөөнүн бири-бири менен карым-катышы жок. Суу бирөө эле, бирок ушул үч тараптын сууну пайдалануудагы биргелешкен аракетинин жоктугунан улам, сууну пайдалануу начар болууда. Натыйжада суунун 40 пайызы жөн эле агып кетүүдө. Ушу тапта суу ресурстары боюнча агенттик түзүлбөдүбү, ошол мындан ары сууга тиешеси бар мекемелердин ишин координациялайт.
  • Эми эл аралык фонддор менен кандай иштешип жатасыздар? Сыр болбосо айтып бербейсизби?
  • Эл аралык фонддордон каражат тартып келүү оңой эмес. Бизден башка өлкөлөр да ошол каражаттарды өзүнө тарткысы келет, демек конкуренция бар. Фонддорго жетүүдө дагы проблемалар бар. Өзүбүздө муниципалдык деңгээлде демилге көтөрүп иш алып барыш да чоң маселе. Себеби муниципалдык кызматкерлердин арасында долбоор жаза тургандар жок болууда. Фонддордон каражат алыш үчүн каалагандар арыз бере албайт. Алар бир эле мекемени КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигин ыйгарым укугу бар улуттук орган кылып алышкан. Долбоор берем дегендер болсо, эл аралык фонддорго түз эмес, адегенде тиги мамлекеттик агенттикке арыз бериши керек, андан ары долбоор фондго барышы ыктымал. 
  • Ал эми дүйнөлүк Жашыл фондго аккредитацияланган улуттук органдар гана долбоор бере алышат. Кыргызстандан мындай аккредиттелген орган жок. Бизде андай аккредитациядан өткөн Азия өнүктүрүү банкы (АБР), Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар бар. Мына ушундай кыйынчылыктар биздин долбоор жазып, каражат алуубузга тоскоолдук жаратып келет. Мисалы, тамчылатып сугаруу боюнча жакшы бир долбоор жазсак, аны тиги эл аралык фондго аккредиттелген органга гана бере алабыз. Биз АБР менен келишип, алар жактырса гана долбоор өтүшү ыктымал. Башка өлкөлөрдө мисалы, банктар ушундай аккредитация алып алышкан. Бизде эгер “Айылбанк” ошондой аккредитациядан өткөн болсо, ошол аркылуу долбоорлорду өткөрүп, тигилерге көз карандылыкты азайтсак болот. Кошуна өлкөлөрдөн Казакстан Жашыл фонд менен жакшы иштеп жатат. Алар кайра жаралуучу  энергия булактарын (ВИЭ) алып келүүгө жакшы каражат тарта алышты. Казакстанда электрэнергия тарифи жогору. Ошол себептен алар 400-500 млн. доллардай каражатты Жашыл фонддон алышты. Монголия да ушул багытта ийгиликтүү иштеп чоң каражаттарды тарта алды, себеби алардын Улуттук банкы эл аралык фонддорго аккредиттелген. Ал эми банк эл аралык фонддорго аккредиттелиши үчүн, бардык банк операциялары эл аралык стандарттар менен жүрүшү шарт. Мындан тышкары экологиялык багытта иштей тургандыгы боюнча милдеттенмелерди алышы да зарыл. Дагы бир топ пункттар бар.
  • Кыргызстандан бир дагы банк же мамлекеттик уюм бул аккредитациядан өтө албайт бекен?
  • Биз азыр бир - эки банк менен ушул багытта иш алып баруудабыз. Жашыл экономика боюнча да дүйнөдөгү бир нече уюмдар менен иштешип жатабыз. Абу-Дабиде жашыл экономиканын жер боюнча уюмдары бар, арабдар ушундай уюм ачабыз деген демилге көтөрүп жатышат, биз дагы аларга активдүү катышуудабыз.  Азыр 15 - 16 өлкө бул уюмга катышууга макулдугун берди, арасында биз биринчилерденбиз. Бул уюм өзүнө мүчө болгон мамлекеттердин жашыл экономикага өтүшүнө финансылык, эксперттик жактан жардам берүүгө аракет кылат. Андан сырткары долбоорлорду жазууга жардам бере турган уюмдар менен иштешип жатабыз. Ыйгарым укугу бар орган КР өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигин да ошондой долбоор жаза турган уюмдар менен иштешүүгө өкмөт милдеттендирди. Азыр биз Европа Өнүктүрүү банкына (ЕБР) жашыл шаар боюнча ири долбоорду демилгелеп жатабыз.
  • Жашыл шаар боюнча кандай долбоор болмокчу?
  • Дүйнөдөгү 25 чоң  шаар жашыл шаарга айланабыз деген долбоорду Жашыл фондго жазышкан. Алардын ичинде ошол шаарларды комплекстүү түрдө кантип жашыл шаарларга айландыруу боюнча бир нече долбоорлор бар. Алар жашыл транспорт, тазалоочу курулуштар (очистные сооружения), тиричилик таштандыларын кайра иштетүү долбоорлору. Бул долбоор 2016-жылы башталган экен. Биз ушул  25 шаардын ичине кире албай калдык. Бирок Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы алардан дагы башка шаарларды да жыйнап жаткан экен, Бишкекти ошолордун ичине киргизүүгө аракет кылуудабыз.
  •  
  •  

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashyl-ekonomika-boyuncha-maek



Добавить комментарий