Жалал-Абад облусунда жер кыртышын бекемдөө иштери жүрдү - сүрөт

22 апреля 2020 15:58 1096 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-2030-жылдарга Кыргызстандын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун концепциясынын негизинде “Жашыл долбоор” программасы киргизилип, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

“Жашыл долбоор” иш-чарасын жүзөгө ашыруу максатында, 2020-жылда жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагында 6 объекти киргизилген.  Түзүлгөн иш-мерчемге ылайык, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан Аксы районунан 3 объектиге, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылында 0,8 га аянтка 300 даана жаңгак, 300 даана өрүк, 300 даана кара-жыгач, Кезарт айылында 2 га аянтка 500 даана жаңгак, 500 даана өрүк жана 500 даана кара-жыгач көчөттөрү отургузулду. 

Ал эми Авлетим айыл аймагынын Шадыбек-Булак тилкесинде 4 га аянтка 600 даана жаңгак, 600 даана өрүк, 600 даана кара-жыгач, 600 даана мисте, 600 даана бадам көчөттөрү отургузулуп, жалпы Аксы району боюнча 3 тилкеге 5400 даана көчөттөрдү отургузуу иштери толугу менен ишке ашырылды.  

Ошондой эле Сузак районунун аймагында 3 объектиде жумуш аткаруу мерчемделип, 1 обьектиге тактап айтканда, Курманбек айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылына 2 га аянтка Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасынан 1000 даана көчөт жана 10 кг мисте уругу алынып, көчөттөрдү олтургузуу иштери толугу менен аяктаган. 

 ӨКМ тарабынан “Жашыл долбоорунун” алкагында жер кыртышын бекемдөө максатында жыл сайын көчөттөр тигилип келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashyl-dolboor-ish-charasyn-zhzg-ashyruu-maksatynda-6-obekt-kirgizildi



Добавить комментарий