Баткен облусуна 30,5 гектар жерге көчөт отургузулду
Поделиться в:
“Жашыл долбоор” иш-чарасын жүзөгө ашыруу максатында, 2020-жылда жүргүзүлүүчү иш-чаралардын болжолдуу мерчемине ылайык Баткен облусунун аймагында 20 объект киргизилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы 30.5 гектар жер аятына башкача айтканда, 20 участкага 19 300 даана ар кандай көчөттөтөр толук олтургузулуп бүткөрүлдү.
Жалпысынан 300 даана жаңгак көчөт 3100 даана терек көчөт 2900 даана бадам көчөт 2900 даана арча көчөт , 9100 даана кайрагач көчөт ,1000 даана шиповник көчөттөр эгилди.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashyl-dolboor-ish-charasyn-negizinde-batkende-kchttr-oturguzuldu
Добавить комментарий ×