Жаратылыш кырсыктарынын болуу ыктымалдуулугу көп аймактарга бак-дарактарды тигүү токтобойт

2 апреля 2020 17:44 1076 Barometr
Поделиться в:
ok

Республика аймагында кооптуу жерлерде 2020-жылы аткарылуучу "Жашыл долбоор" иш-чараларынын үзгүлтүккө учуратпоо жана өз убагында аткарылуусун камсыз кылуу максатында, облустун мүмкүн болгон аймактарда отургузуу иш-чаралары коопсуздук эрежелерди сактоо менен уюштурулууда. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Азыркы учурда 5735 даана көчөт 13,3 га отургузулду. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өткөрүлгөн  аппараттык кеңешмеде министрликтин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу багытындагы иш чаралар солгундап калбасын, министрликтин мерчемине кирген кооптуу делген аймактардагы иш чаралардын арысынан өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кечиктирилгис жумуш жүргүзүү зарылчылыгы бар объектилерде аракеттер уланышын тиешелүү башкармалыктын башчыларына тапшырма бер ген.

Мерчемге ылайык республика боюнча жалпы аянты 111,35 га түзгөн 80 участкага 101 625 даана көчөт отургузуу жана 160 кг урук себүү жагы каралып, иш-чаранын натыйжасында 986 турак жай, 5 мектеп, 1 имарат, 1 стадион, 5 сарай, 1 насостук станция, 2 мүрзө, 5 эстелик, 1 суу түтүгү, 3,7 чм ички чарбалык жол, 24 чм арык,  67,3 га жер аянты, 30 айдоо жери корголот. Аймактарда “Жашыл долбоордун” негизинде дарыялардын жана сел суулары жүрүүчү кооптуу жээктерди бекемдөө максатында  иштер аткарылат.  

“Жашыл долбоор” – бул кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар өрчүгөн (өнүккөн) жер тилкелерге, өзгөчө кырдаалдардын калкка жана аймактарга тийгизүүчү залалын азайтуу максатында бак-дарак тигүү жана аларды багып өстүрүү болуп саналып, ал ӨКМ тарабынан демилгеленген.  

Жашыл долбоордун максаты өзгөчө кырдаалдардын калкка жана аймактарга тийгизүүчү залалын азайтуу максатында бак-дарак тигилет.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashyl-dolboor-ish-charalary-uyushturuluuda



Добавить комментарий