5 адам сууга чөгүп каза болду. Арасында 7 жаштагы эки бала бар

10 августа 2020 11:00 1408 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда жашы жете элек 4 бала жана бир эркек киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чүй облусунун Кемин районундагы Жел-Арык айылындагы көлмөгө 2005-жылы туулган эркек бала чөгүп кетти. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 19:35те маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунда 7-августта Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кетти. 9-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 11 куткаруучу тартылып, саат 20:20да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Издөө иш-чаралары бүгүн, 10-августта уланууда. 

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 8-августта Орто-Токой суу сактагычына 1994-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 9-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 7 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 12:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-август күнү Мады айыл аймагынын Ачы айылындагы каналга 2013-жылы туулган жаш бала чөгүп кетти. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 21:20да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Издөө иш-чаралары бүгүн 10-августта уланууда.

Ошондой эле, 9-августта Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 2005-жылы туулган эркек бала чөгүп кетти. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, саат 00:15те иш-чаралар убактылуу токтотулган. Бүгүн, 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, саат 07:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashy-zhete-elek-4-bala-zhana-bir-erkek-kishi-suuga-chgup-kaza-boldu



Добавить комментарий