"Кемеси оодарылып кеткен". 130 мигрант Европага баратып, Жер Ортолук деңизине чөгүп каза болду

23 апреля 2021 12:43 3536 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер Ортолук  деңизинин Ливиянын жээгинен мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеме оодарылып, болжол менен 130 адам каза болду. Бул тууралуу SOS Mediterranee өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аталган уюмдун маалыматы боюнча, куткаруучулардын узакка созулган издөө иштеринен кийин бир адам тирүү табылган эмес. Тилекке каршы, желим кеме менен деңизди сүзүп өтүүнү каалаган 130 адамдын баары каза болуп калган.

Жер Ортолук деңизиндеги куткаруу иштери аба ырайынын ыңгайсыз шарттары менен татаалдашкан. Деңиздеги толкундардын бийиктиги алты метрге чейин жетип, куткаруучуларга тоскоолдук жаратууда.

Маалым болгондой, Европанын бардык органдары издөө иштерин координациялоо үчүн жоопкерчиликтен баш тартышкан.

Белгилей кетсек, Африка өлкөлөрүнөн келген качкындар үчүн Ливия негизги транзиттик пункт болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashy-zhashoo-izdep-bara-zhatyp-kaza-bolushtu-130-migrant-evropaga-bara-zhatyp-zher-ortoluk-deizine-chgp-ketken



Добавить комментарий