Жаштын курагына карабастан турмушка чыгуу кандай бакыт

6 декабря 2021 09:30 4554 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгер турмушка чыгам десеңиз, бул ойлорду ойлонуудан баш тартыңыз. Сиз үчүн “турмушка чыгуу” деген эмне? Бул абстрактуу бекитим. Жактырган адамыңды кезиктирип, аны менен мамиле түзүп, андан наристелүү болуп койсо болот. Бирок, каалооң сенин жаныңда жүргөн бир гана кишиге болушу керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Турмушка чыгам деген кыялы менен жашаган жалгыз бой аялдар үчүн- турмушка чыгуу бул өзүнчө эле тозок. “Мен сөзсуз күйөөгө тийем, анткени бардыгын эле өз мойнума ала бергенден тажадым. Өзүмдүн проблемаларымды өзүм чечкенден тажадым- мейли эми мунун баарын мен үчүн башка бирөө жасасын, ал-менен жолдошум болушу керек”.  Элестетсеңер кандай кайсы нормалдуу эркек мындай айымдар менен узак мамилде түзмөк эле?  Ошол себептүү күйөөгө тием деген ойдон канча алыс болсоңуз, ошончо бат тиесиз. Чекесинде “күйөөгө тием”  деген жазуусу бар айымдарга караганда,  эч кимге көз каранды эмес, өзүнө татыктуу айымдар мырзаларды өзгөчө кызыктырат. 

 Үй бүлөлү эркектер менен сүйлөшүүнү, аларды аңдыганды токтотуңуз. Ал бир күнү ажырашып мага келет деген ой жөнүндө кыялыңыз дагы болболсун. Эмне үчүн? А эмне үчүн ал өз аялын таштап, башка аялга сага келиши керек, ал келесоо эмес. Бардык эркектер окшош, аларга үй бүлөлүк абалдан убактылуу чыгып, көңүлдөш менен көнүл ачуу гана керек, башка маселе жок. Ажырашып сага келген күнү дагы, эртең ал сени да таштап  башкага кетет.  "Үйдө жалгыз балам бар, чоңойтушум керек. Аялым оорулуу мен жок болсом ал өлөт" деген сыяктуу  сөздөргө эч качан ишенбеңиз.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashtyn-kuragyna-karabastan-turmushka-chyguu-kandaj-bakyt



Добавить комментарий