Жашоодо жолу болуп, ташы өйдө кулаган адамдар бул 4 сырды билишет экен!

24 июля 2021 18:13 5501 Barometr
Поделиться в:
ok

Адам жан дүйнөсү жаатында иш алып барган Англиянын Хердфордшир университетинин профессору Ричард Уайзман 10 жыл бою адамдын жолу болуучулугуна жана ийгилигине байланыштуу илимий ыкмаларды колдонуу менен изилдөө жүргүзгөн. Акырында ал жашоодо жолдуу адамдар төмөнкү 4 сапатка ээ деп жыйынтык чыгарган. Бүгүн Barometr.kg сизге аларды сунуштайт.

“Ийгилик-бул жагдайлардын туура келип калышы эмес, биринчи кезекте ал ички позиция”,-дейт  Ричард Уайзман.

1. Чыгармачылык жана тапкычтык

“Ийгиликтүү адамдар биринчи кезекте чыгармачылык менен иштеген адамдар. Креативдүү, тапкыч, башкалар ойлонбогон нерсени ойлоп тапкан адамдар өзгөчө жыйынтыкка жетишет. Жолдуу адамдар айланасын көрө билет жана жаңы перспективаларды көрүшөт. Ийгиликсиз адамдар маселени талкуулап отуруп ресустарын коротушат. Алар “эми дагы качан көңүлүбүз калаар экен” деп күтүп отуруп убакыт өткөрүшөт”,-дейт адис.

2. Интуиция

Бактылуу, жолдуу адамдар эмоционалдык интеллектине ишенишет. Алар адамдардын жана өзүнүнүн каалоосун кылдат сезе билет. Эмоциясын башкара алышат жана аны жөн эле ачууланып, же кабатыр болуп отуруунун ордуна эмоциясын тапшырмаларды, жагдайларды чечүүгө колдонушат.

3. Тынчыздануу тынчсызданууну пайда кылат

Жолдуу адамдар ар бир нерсеге токтоолук жана сабыр менен карашат, эгерде бир иши план боюнча болбой жатса асман айдан кетип тынчсызданбайт. “Ооба бул ирет жолум болгон жок, кийинки кезекте болот, дагы бир ирет аракет кылып көрөм” дейт да аракет кыла берет.Токтоо адамдар гана жан дүйнөсүн тең салмакка алып келип баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга күчтү пайда кылат.

Болбосо тынчсыздануу кайра эле кабатырланууну пайда кыла берет жана анын аягы дагы бүтпөйт. Аны токтотпосо адам болгон күч-кубатын тынчсыздануу, кейип-кепчүү, наалуу, жаман көрүү, ызалык, кекчилдикке жоготот.

4. Оптимизм

Баардык жолдуу адамдар оптимист болушат. “Бул ирет болбоду, эми болот” дешет алар. Анан калса алар баардык болчу жагдайлардын мүмкүн болуучу деталдарын алдын ала ойлонуштуруп жасагандыктан көп учурда каалоолору ишке ашат.

““Маселе” деген сөздү көп айтсаңыз демек сиз негативдүү позицияда ойлоносуз. Баардык иште баардык жагдайда мүмкүнчүлүктөрдү гана көрө билиңиз. Анан турмушта жолуңуз болбогонун көрөйүн”,- дейт профессор психолог.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoodo-zholu-bolup-tashy-jd-kulagan-adamdar-bul-4-syrdy-bilishet-eken



Добавить комментарий