Жасалма тагылган Кыргызстандын номери. Кемероводогу жол кырсыктан эки адам мерт кетти
Орусиядагы кырсыкка кабылган Toyota Crown үлгүсүндөгү унаада тагылган 03kg 409 MRA мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталды. Бул туурасында Орусиядагы КР ИИМдин өкүлчүлүгү окуя тууралуу кенен маалымат берди.
КР ИИМдин берген маалыматына ылайык,15-ноябрь күнү саат 15.29дар чамасында Кемерово облусундагы Ленин-Кузнецкий трассасында болгон кырсык WhatsApp аркылуу тараган. Ал эми Тышкы иштер министрлиги кырсыктан каза болгондор Орусиянын жарандары экендигин маалымдаган. Орусиядагы Кыргызстандын ИИМдеги өкүлчүлүктөрдүн берген маалыматына караганда Toyota Crown унаасынан башка «Тойота Лендкрузер»унаасы да кырсыктап, эки адам дагы жаракаттарды алышкан. Ал эми жасалма кыргызстандын номери тагылган унаадагы айдоочу П.Е. аттуу 1998-жылы туулган жана К.М аттуу 1998-жылы туулган Орусиянын жарандары кырсык болгон жерден мерт кетишкен.
Бул жасалма номер боюнча Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматы бүгүнкү күндө Кыргызстанда MRA мамлекеттик номери чыга электигин айтты.
Добавить комментарий ×