Жалал-Абадда Өзбекстандын жараны Кыргызстандын паспорту менен кармалды

7 мая 2021 18:29 434 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокен районунан жасалма паспорт менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"ИИМнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери  2021-жылдын 30-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан Өзбекстан жараны 1984-жылы туулган М.Жны жасалма паспорт менен кармашкан.

Ал Өзбекстан жараны 2018-жылы Ноокен районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан берилген КРнын жараны 1980-жылы туулган С.Т. наамына таандык жасалма паспорт менен Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.  

Бул факты 1-май күнү катталып, сотко чейинки өндүрүш  башталган.

Ошол эле күнү чет өлкөлүк жаран М.Ж. камакка алынган.

2021-жылдын 6-майында соттун токтомунун негизинде  М.Ж. жашап жаткан үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда 1980-жылы туулган С. Т. наамына алынган туулгандыгы жөнүндөгү жасалма күбөлүк, болжолу менен 15 грамм" марихуана" баӊгизати, диний мазмундагы китепчелер жана уюлдук телефон табылып алынды.

Азыркы учурда, алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып,  сотко чейинки өндүрүш иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/zhasalma-dokumentterdi-pajdalangan-chet-lklk-zharan-karmaldy



Добавить комментарий