Видео. Аскер комиссары пара менен кармалды

11 сентябрь 2019 11:56 1294 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Кѳл облусуна караштуу Тоң районунун аскер комиссары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) билдирди.

Маалыматта, жергиликтүү тургун аскер комиссариатынын башчысына аскердик билет үчүн 1000 доллар пара бергенин айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Аскер комиссариатынын башчысы берген аскердик билет жасалма жана эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогондугу аныкталат.

Учурда арыз ээси аскер комиссары жасама билетти жана буга чейин алган акчасын кайтарып бербегендигин маалымдаган.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аскер комиссары Тоң районунда пара алганы аныкталды. Ал Баткендеги Кадамжай районунун аскер комиссариатына которулуптур. Фианансы полициясы Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кадамжайга барып, ал буга чейин алган акчаны ээсине кайтарып жаткан маалда кармалды”, – деди Финансы полициясы.

Анын кабинетин тинтүүгө алганда ири өлчөмдөгү акча каражаты табылган, ага банк аркылуу 20 мин сом которулганы бклгилүү болду.

Бул факт “Пара алуу” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhasalma-askerdik-bilet-satkan-asker-komissary-para-menen-karmaldy



Добавить комментарий