"Жардам штабы" бүгүнкү күндө 49 245 муктаж адамга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү
«Жардам штабы» бүгүнкү күндө 49 245 муктаж адамга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Республика боюнча 2020-жылдын 1-мартына карата 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар, алардын ичинен 309 437 бала орточо өлчөмү 870 сомду түзгөн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алышат. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Орточо өлчөмү 3009 сомду түзгөн ай сайын берилүүчү жөлөкпул алгандардын саны 93 546 адам.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгилегендей, мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн персоналдык ассистентердин эмгек акысы, бала асыраган үй-бүлөлөргө, анын ичинде асырап алган үй-бүлөлөрдөгү балдарга төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө берилет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги шаардык/райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөгө насыя ачуу (каржылоо) боюнча иштерди баштоодо. Алар өз кезегинде, 7-8-апрелден тартып коммерциялык банктарга жана «Кыргыз почтасы» МИге которушат. 2020-жылдын 9-апрелинен баштап «Кыргыз почтасы» МИ каражаттарды алуучуларга жеткире баштайт. Өз кезегинде коммерциялык банктар 2020-жылдын 8-9-апрелинде каражаттарды алуучулардын карталарына которушат.
Муктаж жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо
Учурда республиканын бардык аймактарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик резервден бөлүнгөн ун таркатылууда. Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жана коргонуучу каражаттар (кайрымдуулук уюмдары, ишкерлер, жеке жактар жардам көрсөтүшүүдө) жеткирилүүдө.
Мындан тышкары мамлекеттик органдардан, коомдук, кайрымдуулук уюмдарынан жана компаниялардан турган «Жардам штабы» түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби ачылган, ага бул кыйын күндөрү көмөк көрсөтүүнү каалаган мамлекеттик жана жеке компаниялардан, жарандардан финансы каражаттары келип түшүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча «Жардам штабы» 44 245 муктаж адамга азык-түлүк түрүндө жардам берди. Волонтерлор күн сайын «1227» түз байланышы, WhatsApp 0558 526001 номуру, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» мобилдик тиркемеси, Facebookтагы «Жардам штабы» социалдык баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүк ташууда.
Жогоруда аталган каналдар аркылуу жарандардан «Жардам штабына» 210 779 кайрылуу келип түшкөн. Белгилей кетүүчү нерсе, камсыздалган үй-бүлөлөр да жардам сураган учурлар катталган. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик орган өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн тизмелер тыкыр талданууда, себеби, гуманитардык жардам чындыгында көмөккө муктаж адамдарга жеткирилиши кажет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 466 962,39 сом келип түштү. Бул каражаттын 792 500 сому Комиссиянын чечими аркылуу Бишкектин аймагында каттоого алынбаган (калктуу пункт макамына ээ болбогон жаңы конуштардагы) 2500 аз камсыздалган үй-бүлөнү азык-түлүк продуктулары менен камсыздоо үчүн Бишкек мэриясына багытталган.
Ошондой эле Чүй облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына 9 416 муктаж үй-бүлөнү азык-түлүк топтому менен камсыздоо үчүн жөнөтүлөт. Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан муктаждарга ун жана шекер таркатылат. Финансылык каражаттардын түшүүсүнө жараша алар калган облустар боюнча бөлүштүрүлөт.
Мындан тышкары, ВППООН долбоорлоруна катышкан үй-бүлөлөрдү (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас) ун жана өсүмдүк майы менен камсыздоо боюнча активдүү иш жүрүүдө. Атап айтканда, кызматташтык алкагында 532 тонна ун жана май таркатылган. Жакынкы күндөрү дагы 390 тонна азык-түлүк таркатуу пландаштырылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhardam-shtaby-bgnk-knd-49-245-muktazh-adamga-azyk-tlk-trnd-zhardam-krstt
Добавить комментарий ×