Жаракатына чыдабай жатып Instagram үчүн сүрөткө тартууну өтүндү: Көп окурман топтойм

28 мая 2019 10:11 1192 Barometr
Поделиться в:
ok

Голландиянын борбору Амстердам шаарынын түндүгүндө жол кырсыгынан оор жаракат алган аялды тез жардам замбилине салып, ооруканага алып бара жатканда полициядан Instagram тармагына койгонго сүрөткө тартып коюну өтүндү. Бул тууралуу bund.com сайты жазды.

Жарадар аял жаракаттары менен түшкөн сүрөтү İnstagram тармагында көп көрүүчү табарын айткан. Бирок полиция кызматкери өтүнүчтү четке кагып, аялды тезинен ооруканага жеткирүүнү тапшырган.  

Окуя боюнча Facebook тармагына жазган полиция кызматкери «Мындай көрүнүштөр көп кездешип жатат. Эмне болгон заманда жашап жатабыз?»,-деген.

Ссылка: https://barometr.kg/zharatyna-chydabaj-zhatyp-instagram-chn-srtk-tartuunu-tnd-kp-okurman-toptojm



Добавить комментарий