Ишкердин ишеничине кирип, ири суммадагы акчасын жана унаасын алдап кеткен жаран кармалды

24 марта 2021 11:39 1794 Barometr
Поделиться в:
ok

Алдамчылык иш-аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, милицияга 2019-жылдын февраль айында пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен жарандан акчасын өндүрүп берүү өтүнүчү менен шаар тургуну кайрылган. 

"Ал 4 400долларын жана "Даймлер Крайслер S320"  үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырып кеткен.

2021-жылы алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран  милицияга кайрылган. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүлө баштаган.

Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып, бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган. 

Жакында, 2021-жылдын март айында милиция кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө". - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zharandyn-ishenichine-kirip-iri-summadagy-akchasyn-zhana-unaasyn-aldap-ketken-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий