Жарандык активисттер Ак үйдүн жанында УКМКны реформалоону талап кылышты

3 июня 2019 11:18 2626 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте бүгүн буга чейин жарандык активисттер коррупцияга каршы өткөрөбүз деп жарыялаган митинг болду. 

Активистка Рита Карасартова билдиргендей, Биринчи май райондук соту жума күнү митингге тыюу салуу жөнүндө чечимди шашылыш түрдө кабыл алган.

Буга байланыштуу активисттер Рита Карасартова менен Азиза Абдирасулова Ак үйдүн алдына президентке кайрылуу топтоо боюнча митинг уюштурушту.

Карасартованын айтымында өзүнүн кайрылуусунда ал бир катар талаптарды койду. Алардын арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Коррупцияга каршы кызматты бөлүп чыгуу, УКМКдан кызматтык кылмыштарга каршы тергөө жүргүзүү функциясын алып салуу жана өз алдынча орган боло турган Тергөө комитетин түзүү талаптары бар.

“УКМКнын катышуусунда бизнес менен мүлктү тартып алуу жүрүп жатат. Биз президенттен системалык реформаларды жүргүзүүнү талап кылабыз. Камалып калуудан корккон бизнесмендер өз мүлкүн берип жатышат”,-деп айтты Карасартова.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zharandyk-aktivistter-ak-jdn-zhanynda-ukmkny-reformaloonu-talap-kylyshty



Добавить комментарий