Жапыкеев: Ишкерлерге кысым көрсөтүлсө кылдат тергеш керек

24 ноября 2020 10:07 3665 Barometr
Поделиться в:
ok

Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ведомствонун жумалык ыкчам кеңешмесинин жүрүшүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болгон ишкерлердин укуктарын коргоо жана республикада инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жапыкеев Кызматтын кызматкерлерине өлкөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бизнестин ишмердигине олуттуу таасир тийгизгендигин маалымдады.

 "Коронавирус чындыгында күтүлбөгөн көрүнүш болуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга өтө терс таасирин тийгизди жана биз бизнестин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз.

Биздин башкы жана негизги милдетибиз - бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор

мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек. Мындай укук бузуулар мыйзамга жана экономикалык ишмердигин эркиндигине болгон ишенимди кетирет. Инвестор үчүн эң башкысы бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы"- деп билдирди Сыймык Жапыкеев.

Кеңешменин аягында төрага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына жарандарды жана ишкердик субъекттерин жалпы республика боюнча үзгүлтүксүз кабыл алууну уюштурууну тапшырды.

Ал ошондой эле калкты жеке кабыл алууну уланта тургандыгын белгилеп өттү, бул бизнес-коомдоштукту жана жарандарды түздөн-түз угууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЭККМКнын кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан мыйзамсыз кийлигишүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Ал эгерде ага мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө же ЭККМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу бизнестин ишмердигине кандайдыр бир кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Финансы полициясы органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугу кадрлардан, алардын кесипкөйлүгүнөн жана иш- билгилигинен түздөн-түз көз каранды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhapykeev-ishkerlerge-kysym-krstls-kyldat-tergesh-kerek



Добавить комментарий