Садыр Жапаровдун жактоочусу президенттен баласына топурак салганга жиберүүсүн суранды

26 августа 2019 17:16 4082 2 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

ЖКнын мурадгы депутаты Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековко жана ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаевке кайрылуу жасады.

Кайрылууда экс депутаттын баласы каза болгонуна байланыштуу туулган жерине баласына топурак салууга жиберүүнү суранган.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович жана Мелис Токтомамбетович бүгүн 2019-жылдын 26-август күнү жол кырсыгынан алган жаратынан 3 кун бою комада жатып өзүнө келелбай 27 жаш курагында Садыр Жапаровтун чоң уулу Садыр уулу Дастан каза болду. Буга чейин өзүңүздөргө белгилүү Садыр Жапаров камакта жаткан учурда атасы жана апасы каза болгон. Бүгүн баласы каза болуп жатат мындай жоготуу Садыр Жапаровко, анын жубайына жана бир туугандарына, жалпы кыргыз элине абдан оор болуп жатканын баарыбыз сезип жатабыз. Садыр Жапаровко уулу Дастанды жерге берүү тажыясына, топурак салуу үчүн Ыссык Көл областынын Түп районунун Кең Суу айылына жиберүүңуздөрдү суранамын. Садыр уулу Дастандын тажыясы 2019-жылдын 28-август күнү саат11.00дө Ыссык Көл областынын Түп районунун Кең Суу айылында болот», - деген кайрылуу калтырды адвокат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparovdun-zhaktoochusu-lk-bashchyga-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий

  • Эч кимдин башына салбасын мындай кунд
  • Кумарбек 5 лет назад
    Ак жеринен абакта олтурганын бут кыргыз эли билип коруп турбайбы. Бийликтегилер таза эмес коркушуп эркиндикке чыгарбай жатат Кудайдан корккула тарыхта каласынар Жапаровду ак жеринен камаганынар учун.Бала чаканарга Кудай корсотуп койбосун.