Садыр Жапаровдун инисинин кармалышы боюнча президенттин маалымат кызматы үн катты
Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганы тууралуу президенттин маалымат кызматы үн катты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, ИИМ тарабынан кармалган 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин эки бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы.
“Ал президенттин тууганы экени анык. Ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тийешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.
Тактап кетейин, Президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт.
Ошондой эле Президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×