Жапаров: Өзбекстан менен чек араны чечүүдө жоопкерчиликтен коркпой колдогон депутаттарга рахмат

17 ноября 2022 18:07 829 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын чечүүдө колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Жапаров ушундай тарыхый учурда жоопкерчиликти алып, колдоп берген депутаттарга ыраазы экенин билдирди.


“Баарыбыз жоопкерчиликти моюунга алып, Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит койдук.

Эми кудай буюрса Тажикстан менен чек ара маселесин бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин да бүтүрүп алып келебиз.

Биз баардык кошуна төрт өлкө менен достук мамиледе болушубуз керек. Эч качан ок атылып, бир да жоокер же жаран каза болбошу керек. Эми Тажикстан менен чек араны чечсек бүтүн, коопсуз Кыргызстан болобуз. Отуз жылдан бери кескилеп бере беришип жарты Кыргызстан кылып коюушкан. Биз эми толуктап, бүтүн Кыргызстан кылып жатабыз.

Чек араларды чечип ратификация бүткөндөн кийин биздин эле өлкөдө эмес, бүтүндөй Орто Азияда иынчтык орнойт”, -деди президент.



Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-zbekstan-menen-chek-arany-chechd-zhoopkerchilikten-korkpoj-koldop-bergen-deputattarga-rahmat



Добавить комментарий