Жапаров "Торугарт" өткөрмө пунктунун иши менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна барып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Садыр Жапаров бекеттин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча зарыл чараларды көрүп, аткезчилик тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.
"Президентке жүктөрдү өткөрүү тартиби, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин алдын алган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана автоунаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл бою сакталып турары айтылды", - деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров учурда Нарында иш сапары жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-torugart-tkrm-punktunun-ishi-menen-taanyshty
Добавить комментарий ×