Садыр Жапаров Ысык-Көлгө казино ачуу тууралуу мыйзамды колдойт
Ысык-Көлдө ачыла турган туристтик-оюн-зоок комплекси тууралуу кабыл алынган мыйзам жөнүндө президенттин билдирүусү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады.
«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы „кара пиар“ жасап жатышат», — деп айтылат Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-oyun-zook-zhajlary-zhnnd-myjzam-dolbooru-boyuncha-bildir-zhasady
Добавить комментарий ×