Садыр Жапаров Лейлектеги аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды

6 мая 2021 15:46 1533 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров Лейлектеги аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бүгүн, 6-майда Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды.

Ошол эле жерде мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек аралардан башталарын баса белгиледи.

Президент окуяда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Баткен облусуна дагы деле болсо жардамын улантып жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыктарын айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-lejlektegi-asker-shaarchasynyn-kurulushuna-kapsula-saldy



Добавить комментарий