Президент Бишкек менен Чүйдө үйлөр качан мыйзамдаштырыларын айтты

22 ноября 2021 16:57 1547 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында жана Чүй областында келерки жылдын май айына чейин техникалык паспорту жана кызыл китеби жок үйлөр калбаш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңы конуштун тургундары менен жолугушууда билдиргенин мамлекет башчысынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Бүгүн президент Чүй областындагы бир катар жаңы конуштардын тургундары менен жолугушту.

Президенттин айтымында, Бишкектеги калктуу конуштардын тилкелерин трансформациялоонун бардык маселелери Жогорку Кеңеште каралууда жана алардын көйгөйлөрү чечилет.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер анда болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат», - деп билдирген Садыр Жапаров, конушту борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-bishkek-menen-chjd-jlr-kachan-myjzamdashtyrylaryn-ajtty



Добавить комментарий