Садыр Жапаров: 100 миң сомго чейин кредит алган 600 миң үй-бүлөгө жардам берилет

9 ноября 2020 14:44 4048 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарында эл менен жолугушуу учурунда 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жардам берилерин айтты.

Анын айтымында, 100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык пайызына жардам берилет.

«Андан жогору алгандарга мамлекеттин күчү жетпейт экен. 100 миң сомго чейин алгандарды билесиздер, начар турмушта жашагандар. Андан жогору алгандар чыдап тургула. Мамлекеттин күчү жетсе, жардам беребиз. Жетпесе, анда айла жок. 

Бул маселенин үстүнөн 10-15 күндөн бери иштеп жатканбыз. Кечээ муну отуруп чечиштик. Булактарын таптык. Бюджеттен 1 млрд 200 млн сом кетет экен. 100 миң сомго чейин насыя алган 600 миң үй -бүлөгө жардам берет экенбиз. 

Пандемия убагында мамлекет жардам бере алган жок.Эки вариант бар. 3 айлык пайыңыздарды жаап алсаңыздар болот же алган суммадан жаап койсоңор болот. Муну эми банктар менен чечип аласыздар», - деди Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-100-mi-somgo-chejin-kredit-algandarga-zhardam-berilet



Добавить комментарий