Жанын оозуна тиштеп пилден качкан кишилерди видеого тартып алышкан

16 января 2020 18:36 5109 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын Тамилнад штатынын Хосур шаарында эс алып жүргөндөр пилди сүрөткө тартабыз деп өмүрү менен кош айтышып кала жаздады. Жаалданган пилдин кишилерди кубалаган видеосун Daily Mail басылмасы жарыялады.

Видеодо пилден качып бараткан бир нече кишини көрүүгө болот. Бирөөсү коркконунан чуркай албай, жерге бир нече ирет жыгылган, бактыга жараша пил аны тебелеген эмес.

Андан сырткары видеодон кыйкырып жаткан кишилердин үнүн угууга болот.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 50дөй пил токойдон чыккан. Бирок бир пил алардан калып калып, туристтердин көңүлүн бурган. Аны сүрөткө тартабыз деген эс алуучулар пилге өтө жакын келгенде жаныбар аларды кубалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanyn-oozuna-tishtep-pilden-kachkan-kishilerdi-videogo-tartyp-alyshkan



Добавить комментарий