Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды

19 октября 2018 10:00 1036 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. 

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Жолугушууда алгач элчи Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстандын Тышкы иштер министринин жаңы кызмат орду менен куттуктап. каалоо-тилектерди айткандыгын жеткирүү менен баштады. 

Суйлөшүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгын, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, анын ичинде күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги визиттер жана иш-чаралар тууралуу сөз кылышты.

Ссылка: https://barometr.kg/zhany-tyshky-ishter-ministri-orusiyanyn-kyrgyzstandagy-elchisi-andrej-krutkonu-kabyl-aldy



Добавить комментарий