Илим Карыпбековдун каршылаштары менен аны колдогондор соцтармакта кайым айтышты

25 декабря 2018 08:54 2999 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Акыркы учурларда КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун дарегине ар тараптуу пикирлер айтылып келет. Илим мырза айтылган сындарды туура кабыл алып, жакшы жооп кайтарууга аракет кылганы менен эмнегедир андай көз караштар Карыпбековду эрчип алды. Буга далил катары ырчы Роза Шакирова жана Жанетта Бобковалар менен болгон чырды айтсак болот.

Ал эми бул жолу да КТРКнын мурдагы журналисттеринин бири өзүнүн жеке Facebook баракчасы аркылуу Карыпбековдун дарагине терс пикирин жазып чыкты. Журналист ачыктан ачык эле: "Карыпбековдун өзү канча жүзү бар?!" -деп көпчүлүкө суроо салды.

Мажитова өз постунда:

"КТРКда Өмүрбек Текебаевди мактап, Атамбаевди жамандаган берүү кетип жатат.  1,5 жыл мурда Өмүрбек Текебаевдин пресс-конференцияда айткан сөздөрүн КТРК чыгарган эмес эле, ошону эми берди. Ал кезде КТРК Атамбаевди мактап, Текебаевди каралап жаткан.  Минтип дароо 180 градуска бурулуп кетти. Баарынан кызыгы Атамбаевди мактап,  Текебаевди жамандаган учурда деле КТРКнын башында Илим Карыпбеков турчу. Эми Текебаевди мактап, Атамбаевди жамандаган учурда да КТРК башында Карыпбеков турат. Карыпбековдун өзү канча жүзү бар!? Ушундай принципсиз адамдардын жетекчилик орундарга келиши элдин шору!" -деп абдан олуттуу пикирин жазды.

Бул пикирди ар ким ар тараптуу сынга ала башташты. Алардын катарын Чынар Капарова да толуктап, өзүнүн оюн төмөндөгүдөй кылып билдирди:

"Эки жүздүүсүң десем арданып кетет, беш жүздүү. Илим юбка кийип алсын" -деп кесиптешинин салган суроосуна жооп узатты.

Көпчүлүк Карыпбековдун терс сапаттарын айтып аны каралоого алса, алардын арасында оң пикир жазгандар да болду. Кыскача айтканда Карыпбековчулар жана аларга каршылар болуп эки жааттуу талкуу жаралды.

Алардын катарында "Ала-Тоо 24" каналынын журналисти Айжан Омолдошова бар.

"Мейли башкалар түшүнбөсүн, сен түшүнө турган адамсыңго. Ушул жерден агарып көгөрүп кеттиң эле, КТРКны тааныбаган, билбеген адамдай жазасың да..." -деп өз оюн менен бөлүштү.

Эске салсак Илим Карыпбековдун жетекчилик мөөнөтү 2019-жылы аяктоо алдында турат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhannat-mazhitova-karypbekovdun-kancha-zhz-bar-principsiz-adamdardyn-zhetekchi-bolushu-eldin-shoru



Добавить комментарий