Жанин Ахунжанова менен Айчүрөк Иманалиеванын чыры: "Мени уруп тепкилеп, көзүмдү көгөртүп, чачымды түбүнөн кыркып салган"

25 май 2019 12:56 9309 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчылар Жанин Ахунжанова менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы чыр дагы да уланууда.

Ахунжанова өзүнүн интернет баракчасы аркылуу баарын ачыктайм деп күйпөлөктөгөнүнө карабай Иманалиева баарын четке кагууда.

Иманалиева жеке баракчасына Жанин айымдын кечирим сурап ыйлаган, суицидке барам деген телефондогу сүйлөшүүлөрүн бөлүшкөндөн кийин кайра баары ырбагандай боло түштү.

Ахунжанова “кордук көргөн” жалгыз өзү эмес экендиги тууралуу айтып дагы жаңы маалыматы менен бөлүштү.

“Бүгүн мага Москвадан Толгонай аттуу кыз байланышка чыкты. Жанин эже мен жакында барам менин да айтчу сөзүм бар Айчүрөккө дейт. Убагында мен да жүргөм үйүндө баласын карап дейт. Мага өтө жаман мамиле кылчу, кетип милицияга арыз жазгам, Айчүрөк келип, арызыңды ал мени кечир деп жалдырап, жүр эми үйгө кайра жакшы иштешели деп алдап, үйүнө барган соң, мени уруп тепкилеп, көзүмдү көгөртүп, чачымды түбүнөн кыркып салган уродовать этип көчөгө чыккыс кылам деп дейт. Мына шумдук. Дагы канчасы чыгаар экен? Бул неме бирөөгө жакшылык кылганбы өзү?”, -деди Ахунжанова өз сөзүндө.

Бирок эми элде "Толгонай деген ким?” деген суроо жаралды.

Маалым болгондой буга чейин Айчүрөк Иманалиева менен ырчы Анжеликанын ортосунда да пикир келишпестиктер жаралган. Бирок Кайратова бул жолу жогорудагы жагдайга тиешеси жок экенин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanin-ahunzhanova-menen-ajchrk-imanalievanyn-chyry-meni-urup-tepkilep-kzmd-kgrtp-chachymdy-tbnn-kyrkyp-salgan



Добавить комментарий

  • Ушуну кимге кереги бар эле азыр элдер атагын чыгарыш учун эмнеге барышпайт,ушуга ким ишенет