Жанар Акаев "Жеңиш Разаков элден кечирим сурасын, же кызматтан кетсин" деген талапты койду
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында чек ара маселеси боюнча Бишкекке келип, митинг кылгандарды "акчага чыккандар" деп айтканы үчүн Жеңиш Разаков элден кечирим сурап, же кызматынан бүгүнтөн калбай кетиши керектигин айтты.
Эл өкүлүнүн айтымында, вице-премьер комитеттин жыйынында чек арадагы көйгөйдү айтып келген кишилерди мазактаган.
"Жеңиш Разаков бүгүнтөн калбай элден кечирим сураш керек. Ал кечээ комитетте "чек араны тактап бергиле" деген элди кимдир бирөөлөр каржылаган, акчага чыккан деп атады. Бул элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши керек. Болбосо сот алдында жооп бериши керек, же бүгүнтөн калбай эл алдына чыгып кечирим сурасын", — деди ал.
Акаев митингге чыккан элге акча төлөнгөнү боюнча факты жок экенине токтолду.
"Бул абдан оң ката. Разаков бүгүнтөн калбай ошол сөзү үчүн кызматын тапшырыш керек", — деди ал.
Депутат ошондой эле, чек арада чыккан чырдан улам камакка алынган эки жаран тезинен бошотулушу керектигин дагы кошумчалады.
"Камакта жаткан эки кишини да тезинен бошотуш керек, аларга массалык баш аламандык уюштуруу деп кине коюп жатат. Бул жагы туура эмес, элди козутуп жатышат", — деди ал.
Өз кезегинде вице-премьер Жеңиш Разаков депутаттын талабы боюнча пикирин журналисттерге билдирип, ал анын жеке ою экенин белгиледи.
"Менин жеке оюм, акча менен чыгарылган адамдар. Эгер кимдин адамы көп десеңиздер мен дагы адамдарды чыгарып көрөйүн. Бирок мен мамлекеттик кызматкермин, андай болбойт", — деп жооп кайтарды.
Добавить комментарий ×