Видео. Жанар Акаев Өкмөткө: "Ош-Стамбул авиа каттамы эмнеге жабылды, түшүнбөйм. Жандандыруу керек"

28 февраля 2019 20:17 1583 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Жанар Акаев Кыргызстанга туристтер көп келүүчү өлкөлөр менен түз авиа каттамдарды ачууну Өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 28-февралындагы отурумунда билдирди. 

"Мисалы Өзбекстандан Ташкенттен Эр-Риядга түз каттам учуп жатат. Бизден Сауд Арабияга учпай жатат. Көп туристтер келген Сауд Арабиясына Бишкек – Эр-Рияд, керек болсо Ош - Эр-Рияд каттамы ачылса учкандардын саны көбөймөк. Буга чейин иштеп жаткан Ош – Стамбул каттамы эмнеге жабылып калды түшүнбөйм. Мурда алар бизден учушса, азыр биздин жарандар Стамбулга Ташкенттен учуп жатат. Билет алган ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан калат. Бул бюджетке түшүүчү каражат",-деди депутат.

Жанар Акаев өлкөдө визасыз режим киргизилгенин өзүнүн натыйжасын берди деп эсептейт. Анын айтымында, Түштүк Корея, Германия, Индия жана Сауд Арабия өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өскөн. Ошондуктан бул мыйзам колдоого алынышы керек, дейт ал.


Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-kmtk-kyrgyzstanga-turistter-kp-kelgen-lklr-menen-tz-avia-kattamdardy-achkyla-turistter-eki-ese-kbjt



Добавить комментарий