Жан дүйнөнү байыткан керемет сүрөттөр, чыныгы реалдуу дүйнөгө жутунуп чыгып келчүдөй
Үйрөнчүк-санариптик сүрөтчү Туллиусу Хейрге (Tullius Heuer) сүрөттөрдү айкалаштыруу менен чындыктын рамкасынан чыккан өзүнүн жеке чындыгын жаратты. Анын сүрөттөрүндөгү персонаждарды карап байкап турсан, чындыгында эле алар тирилип, чакан барактын чегинен чыгып, чыныгы реалдуу дүйнөгө жутунуп чыгып келчүдөй. Бир нече түрдүү стилдерди жана техникаларды аралаштырып, ал таң калыштуу жандуу жана чын сыяктуу иштерди жаратат. Бул сүрөттөр автордун ички жан дүйнөсүндөгү болгон жылуулукту жана сүйүүнү чыгармачылыгына берилгендигин чагылдырып жаткан фото-манипуляцияларга окшошуп да кетет. Ар бир жараткан сүрөттөрү өзүнчө уникалдуу жана таң калыштуу. Колду, чашка кофени, сынган карандашты, уштагыч, мобилдик телефонду жана башка майда нерселерди жыгач фонуна жайгаштыруу менен, сүрөтчү бир жагынан бейпил, бир жагынан тынчсызданган өзөчө атмосферадагы иллюстрациялар менен бөлүшүүгө жетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zhan-djnn-bajytkan-keremet-srttrchynygy-realduu-djng-zhutunup-chygyp-kelchdj
Добавить комментарий ×