ЖАМКнын дарыгерлери Аида Салянованын ден соолугун текшеришти

12 июля 2019 10:29 1584 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлер комиссиясынын өкүлдөрү Аида Салянованын ден соолугунун жагдайын текшеришти. Бул тууралуу аталган ведомсвтодон кабарлашты. 

ЖАМКнын берген маалыматына таянсак, Салянованын абалы канааттандырарлык. Ал бейтапканага жаткырууга муктаж эмес. Тиешелүү болгон жардамды экс-башкы прокурор 1-абак жайдын медициналык бөлүгүнөн алып жатат. ЖАМК Аида Салянова кармалган жайы тууралуу арыз-даттануусу дагы жок экенин кошумчалады.

Бирок анын жактоочу Рабига Садыкова жүрөк оорусу бар аялды камакта кармоо кыйноо деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова  кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы  мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhamknyn-darygerleri-aida-salyanovanyn-den-soolugun-teksherishti



Добавить комментарий