Жазаларды аткаруу кызматы каза тапкан кызматкерлердин балдарына белектерди тапшырышты
Бүгүн, 1-июнда, КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Балдарды коргоонун күнү белгиленди.
Жаза аткаруу мамлекттик кызматынын борбордук аппаратында кызмат учурунда каза тапкан кызматкерлердин балдарына белектер тапшырылды.
Өз сөзүндө КР ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев балдарга ден-соолук, ийгилик жана бактылуу келечек каалады. «Өз өлкөңөргө жана элиңерге пайда келтире турган жакшы адамдардан болуп чоңойгула»,- деди М.Турганбаев.
Балдарга белектер тапшырылып, ал эми алардын ата-энелерине материалдык жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле аталган кызматтын Күзөт жана коштоп жүрүү департаментинде мекеменин кызматкерлеринин балдары үчүн маскарапоздун катышуусундагы шоу-программа, белектери менен спорттук мелдештер жана таттуулары менен чай уюштурулду.
Андан тышкары, Балдардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өлкө аймагындагы бардык Жаза аткаруу кызматынын 32 мекемесинде өтөт.
Добавить комментарий ×