ЖАМК мекемелеринде 340тын тегерегиндеги чет элдиктер жаза мөөнөтүн өтөп жатышат
Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде жалпысынан 9 300 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 340ы чет мамлекеттердин жарандары. Бул туурасында ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Соттолгон чет элдик жарандардын көбү Өзбекстандын жарандары - 32,7 %. Андан кийин Тажикстандын жарандары - 24,5 %. Соттолгон Россия Федерациясынын жарандары – 19 % болсо, Казакстандыкы – 16,9 %, Түркияныкы – 2,6 % жана КЭР - 0,5 %.
Соттолгондор улуттук курамы боюнча төмөндөгүдөй: кыргыздар – 62,1 %, орустар – 16,9 %, өзбектер – 9,8 %, тажиктер –1,9 % , уйгурлар – 1,8 %, казактар – 1,3 % , дунгандар – 0,9 %, башка улуттагылар – 4,9 %.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamk-mekemelerinde-340tyn-tegeregindegi-chet-eldikter-zhaza-mntn-tp-zhatyshat
Добавить комментарий ×