Видео. Лимонти жаркыраган “хатада” эмес, жалпы камерада отурат
Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “кримтөбөл Лимонти кымбат жасалгаланган камерада отурат” деген маалыматты четке кагат.
ЖАМКнын басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, кечээ социалдык түйүндөргө «Лимонти» деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулайманов кымбат баалуу камерада отурат деген маанидеги видео материал тараган.
ЖАМК бул маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдирет. Чындыгында бул “баалуу камера” №1 түзөттүү абагындагы соттолгон адамдардын жакындары менен жолугуша турган бөлмө болуп саналат.
Ал эми Алмаз Сулайманов 16-абак жайда жалпы негизде кармалууда. Ал кармалып турган камеранын видеосу тиркелет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamk-limonti-zharkyragan-hatada-emes-zhalpy-kamerada-oturat
Добавить комментарий ×