Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине байланыштуу кол коюлган бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Алар төмөнкүлөр:
«Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору;
«Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору;
«Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору.
ЖККУ мүчөсү болуп саналган Армениянын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилүү менен, ал парламенттик республикага айлангандыктан, өлкөнүн куралдуу күчтөрү премьер-министрге баш ийип калганына байланыштуу мына ушул келишимдер аркылуу ЖККУ Уставына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Ал эми ЖККУнун Башкы катчысынын орун басарларына «дипломатиялык агент» деген макам ыйгарылууда.
Добавить комментарий ×