Түркияга барган 147 кыргызстандык куткаруучулар эми башка аймакка жөнөтүлдү

13 февраля 2023 14:01 1012 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар эми башка аймакта издөө иштерин улантат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кфзматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркияда күчү 7,8 баллга жеткен зилзалада 29 605 миңден ашык адам каза болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз талаала калды. 

Кече, 13-февралда Кыргызстандан дагы  80 куткаруучу жөнөтүлгөн. 

Буга чейин, издөө-куткаруу иштерин аткарып жаткан 67 куткаруучу менен 13-февралда барган 80 куткаруучу биргеликте таң эрте Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан издөө иштерин улантышмакчы.

“Куткаруучулар жаңы бөлүнгөн аймакка издөө иштерине ӨКМ министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана министрдин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги менен чыгып кетишти”, -деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстандан барган куткаруучулар зилзала болгон Кахраманмараш шаарында  төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыккан. Ошондой эле, 104 адамдын сөөгүн уранды алдынан чыгарып беришкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalpy-147-adam-trkiyaga-bargan-kyrgyzstandyk-kutkaruuchular-emi-bashka-ajmakta-izd-ishterin-zhrgzt



Добавить комментарий