Жалгыздык: Жолдошум соцтармак аркылуу сүйүүсүн таап алыптыр, мен эмне кылам?

17 сентября 2020 11:14 4186 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта көп олтуруу убактынызды жана сиз үчүн баалуу болгон үй-бүлөңүздөн алыстат. Соцтармактан тапкан сүйүүсү үчүн балдарын, келинчегин курмандыкка чалган жигиттин баянын анын келинчеги “Барометрге” айтып берди.

Соц тармак менин жашоомду бузду.  Биздин үйлөнгөнүбүзгө, болгону, 6 жыл болду. Ортобузда 5 жана 3 жаштагы уул-кызыбыз бар. Мен ушул убакка чейин өзүбүздү бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарына кошуп келгем. Бирок жакындан бери дүйнөдө менден өткөн бактысыз аял жоктой, өзүмдү тебелендиде калгандай сезип жатам. Эмне үчүн дейсизби? Жолдошум социалдык тармактардын фанаты. Колунан бир мүнөткө да телефону түшпөйт. Бирок бул адатын азыркы жаштардын “оорусу” катары кабыл алып, бир да жолу трагедия кылган эмесмин. Анткени өзүмдун деле инстаграмсыз жашоом кызыксыз болуп каларын билем. Бир жолу жолдошум кимдир бирөө менен жазышып жаткан. Менин сүйлөгөнүмө маани бербей кызуу жазышып жатканынан карасам, көздөрү күлмүңдөп, жүзүндө башкача бир бактылуулук бар экен. Буга чейин эки кайталаган сөзүмдү жүзүнө тигилип туруп дагы бир ирет кайталадым. Жок. Айланасында эмне болуп жатат, ага бирөө сүйлөп жатабы, эч нерсе менен иши жок. Телефонго биротоло кирип кетиптир. Төртүнчү жолу үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөгөнүмдө гана “селт” этип башын көтөрүп, маңдайында турган мени көрүп калдастап калды. Ушул окуядан кийин күйөөмдөн шек санай баштадым. Аны мынчалык бактылуу кылган ким экенине кызыктым. Өзү ачкан кезин аңдып жүрүп эки күн дегенде телефонунун сыр сөзүн билип алдым да, уктагандан кийин акырын телефонун алып аңтара баштадым. Көп кыздар менен эрмектешиптир. Алардын арасынан бирөөсү менен жазышкан сөздөрү мени нес кылды. Көрсө, ал бойдок кездеги таанышы экен. Жөн эле таанышы эмес, экөө тең ошол кезде эле бири-бирин жактырышарын моюндашыптыр. Анысы азыр Орусияда экен. Эки айдан бери байланышат экен. Күндөн-күнгө мамилелери жакындап отуруп ушул күндөрү бири-бирисиз жашай албай калгандай деңгээлге чейин жетип калышыптыр. Ушунчалык узун экен, мага булар уктабай, иштебей эле күнү-түнү жазыша бергендей таасир калтырды. Ызама муунуп окуп отура берип таң атайын деп калганын деле билбей калыпмын. Акырында Орусиядан жакында келерин, аны менин күйөөм чыдамсыздык менен саат санап күтүп жатканын билгенде көз жашымды токтото албай калтырап жатып калдым. Эртеси алыстан сөз баштасам деги эле өзүн актап жакындаткысы жок. Акыры чыдабай кетип болгонун болгондой айттым. Мен жолдошумдан жөн эле эрмектеп койгонун, анда жазылган сөздөрдүн баары жүрөгүнөн чыкпаганын, чындыгында мени сүйөрүн айтып кучактап, кечирим сурашын күткөм. Тилекке каршы, анткен жок. Муздак гана унчукпай туруп берди. Ыйласам жашымды сүртүп койгонго да жарабады. Тескерисинче, “ырас болуптур, бирөөнүн телефонун уруксатсыз алып аңтарсаң ушундай болот” деп келекелегендей карап отурду. Андан бери он күндөй убакыт өттү. Бирок мамилебиз оңолуп кеткен жок. Балким, мен ага кызыксыз болуп жатамбы деп көңүл бурганым, түрлөп тамак жасап бергеним, төшөккө кызыктырууга жасаган аракетим текке кетүүдө. Өзүн күнөөлүү сезип деле калган жок. Тигиниси менен жазышуусун улантып эле жатат. Мен болсо кызганычтан ичим өрттөнүп, өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Күйөөмдү сүйөм, аны башкага тарттырып жибергим келбейт, балдарымдын болсо атасыз калышын эстегенден корком. Эмне кылсам болот кеңеш күтөм сиздерден?

Соц тармакта убактысынын көпчүлүгүн өткөргөндөр чыныгы жашоонуну баалулугун сезбей калат. Социологдор ажырашып жаткандардын 40 пайызы өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн бузулушуна дал ушул социалдык тармактарды күнөөлөшөрүн айтышат. Мындай көрсөткүч менен соц тармак жакында ажырашуулардын негизги себеби болуп калары деле талашсыз. Негизи, социалдык тармактар үй-бүлөнүн бузулушуна кандай таасир этет? Түгөйүн башка соцтармакта эле ийгиликтүү, камкор болуп көрүнгөндөргө салыштырат. Социалдык тармактардагы лентаны карап отуруп андагы адамдардын баары укмуш бактылуу болуп жыргап жашап жаткандай сезим келет. Кымбат кийим кийип, жакшы машина айдап, иш кылбай эле эс алып жүргөндөй адамдарды көргөндө аялда “эмнеге жолдошумдун мени ушинтип эс алдырганга мүмкүнчүлүгү жок?” деген ой кетиши мүмкүн. Ал эми эркек социалдык тармактардагы келбеттүү, боёнгон айымдардын тазаланган сүрөттөрүн көргөндө “эмне үчүн менин аялым ушулардай болуп өзүн карабайт?” деп ойлошу мүмкүн. Мындай салыштыруулар эртеби, кечпи, сыртка чыгып, жубайлар бирин-бири ачык эле сындоого өтүшөт.

 Соцтармактарга өтө эле көп убакыт кетет. Ошол убакытты балдарыңызга же жолдошуңузга бөлсөңүз тетирисинче үй-бүлө бекемделмек. Жада калса өмүрлүк жарыңыз менен да сүйлөшкөн кызыксыздай туюлуп, телефон кармоого ашыгасыздар. Адамдардын ортосунда жандуу сүйлөшүү болбогон кезде алар бири-биринин жан дүйнөсүн түшүнбөйт. Сүйлөшүү, маектешүү аркылуу мамилени бекемдеп, жаңылап турууга болот.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalgyzdyk-zholdoshum-soctarmak-arkyluu-sjsn-taap-alyptyr-men-emne-kylam



Добавить комментарий