Соцтармакта жалган маалымат тараткандар кармалды

8 апреля 2020 12:55 1487 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында жалган маалымат тараткандарды кармады. Алар КР жарандары 1989-ж.т. Т.у.Ч., 1986-ж.т. А.Т.А., жана 1998-ж.т. Ж.Т.М, аныкталды.

Кармалгандар соцтармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан. Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalgan-maalymat-taratkan-kezektegi-adamdar-anyktaldy



Добавить комментарий