Чүйдө доктурдун кызы жалган маалымат таратканы үчүн кармалды

29 марта 2020 12:43 1416 Barometr
Поделиться в:
ok

27-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында соцтармактар аркылуу медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз деген фейк маалыматтар таралгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Такталган боюнча Чүй областынын Сокулук районунун ҮДТ директорунун орун басары Елена Бондаренконун кызы Виктория Шамрай «Facebook» жана «WhatsApp» аркылуу жалган маалыматтарды тараткан. 

Профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. В.Шамрайдын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalgan-maalymat-taratkan-adam-karmaldy



Добавить комментарий