Жалал-Абадка кире бериштеги арканы сүзүп, жеңил унаа ыргып кетти

24 декабря 2018 11:05 1342 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жалал-Абаддын кире беришиндеги арканы сүзүп, Chevrolet Aveo маркасындагы унаа ыргып кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти. Жакын жерде үйлөнүү-үлпөт тою болуп жаткандыктан видеону операторлор даана клып тартып алышкан. 

Ал эми Жалал-Абад облусттук милициясынын билдирген маалыматына ылайык, кырсык 23-декабрь күнү түштөн кийин болгон. Күбөлөрдүн айтымында айдоочу чөнтөк телефонго алаксып кеткен, ал эми милиция кырсык унаанын техникалык мүчүлүштүгүнөн улам кеткендигин билдирди.

Жол кырсыгынан 24 жаштагы А уулу М жана 23 жаштагы Х. А аттуу айдоочу жабыркаган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadka-kire-berishtegi-arkany-szp-zheil-unaa-yrgyp-ketti



Добавить комментарий