Жалал-Абад облусунда жер титиреди

15 июня 2020 10:20 1070 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-июнь күнү саат 15:09да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Сузак районунун Каду, Орток жана Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abaddyn-ajmagynda-3-ballga-zhetken-zher-tititr-kattaldy



Добавить комментарий