Волейбол боюнча Азиянын кубонунда өлкө намысын коргогон милиция кызматкерин тосуп алышты
Жалал-Абадда волейбол боюнча Азиянын чакырык кубогунда ойногон курама команданын мүчөсү милициянын старшинасы Медетбек Эргеш уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн 6-сентябрда Жалал-Абад шаарында эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогунда 1-орунду ээлеген Кыргызстан курама камандасынын мүчөсү, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Медетбек Эргеш уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү.
"Ага Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышышты. Анда спортчулардын жетишкен ийгиликтери өлкөбүздүн бардык жарандарын кубантып жаткандыгы белгиленип, 2023-жылы Азия биринчилигин багындыруу каалоолору айтылды", -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогу 29-августтан 3-сентярбга чейин Чолпон-Атада болуп өттү. Ага Сауд Аравия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Финалда Сауд Аравияны 2-3 эсебинде Кыргызстан жеңип алган.
Медетбек Эргеш уулу оюндардын жалпы жыйынтыгында “Мыкты байланыштыруучу” наамына татыктуу болуп, атайын статуэтка менен сыйланган.
Добавить комментарий ×