Жалал-Абадда шаурмага ууланып 23 адам ооруканага түштү

30 июня 2022 15:40 1919 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда тамака ууланып кайрылгандардын саны 23 адамга жетти. Бул тууралуу "Барометрге" облустук ооруканадан билдирди.

Маалым болгондой, адамдардын массалык уулануусу тез татымдан шаурма жегенден кийин болгон.

"Биздин ооруканга алгач 28-июнь күндөн баштап тамак-ашка уулануу белгилери менен жарандар кайрыла башташкан. Жалпы бизге 23 бейтап уулануу белгилери менен жаткырылды. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бейтаптардын айтымында ууланып кайрылгандардын баардыгы шаардагы "Ага-ини" деген тез татымдан шаурма жешкен", -деп билдирди дарыгерлер.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-shaurmadan-23-adam-uulanyp-oorukanaga-tsht



Добавить комментарий