Жалал-Абадда оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок
23-апрелден 24-апрелге караган бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында баары болуп – 17 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2211 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 2 атуул, ал эми Сузак районунан – 3 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.
Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 36 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 134 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-oor-zhana-zgch-oor-kylmyshtar-kattalgan-zhok
Добавить комментарий ×