Жалал-Абадда наркотика сактап жүргөн жаран кармалды

28 мая 2021 09:29 684 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

24-май күнү Жалал-Абад шаарында наркотик сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“2020-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаарынын аймагында “С” деген каймана аты бар жаран наркотикалык баңгизатын сактап жүрөт деген ыкчам маалыматтар алынган. Бул маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 39 жаштагы тургуну Х.С. кармалып, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы болжол менен 2 кг жакын өзгөчө кескин жыты бар зат алынып, соттук-химиялык  экспертиза дайындалган. Экспертиза чыкканча шектүү кое берилген. Ал ошол учурда Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыгып кетип, изин жашырып жүргөн.

Экспертизанын корутундусунда Х.С.дан алынган зат 1 кг 800 гр “гашиш”, 24 гр “опий” наркотикалык баңгизат экендиги аныкталган. Жалал-Абад  ШИИБде Х.С.ны издөө иши ачылып, багыттамалар жөнөтүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, шектүү 24-майда Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-майда башка коргоо чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-narkotika-saktap-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий