Жалал-Абадда митингчилер мэриядан тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүнү талап кылууда
Поделиться в:
Жалал-Абад шаарында да митинг башталды. Жалал-Абад шаардык мэриясына адамдар тобу түнкү саат 3.00 чамасында кирип алган. Ал эми таңкы саат 5те милиция келип имаратты бошоткон.
Митинге чыккандардын мэрияга кирүү боюнча аракети ишке ашкан жок. Алардын негизги талабы шаар бийлигин элге тынчтык жолу менен өткөрүп берүү.
Кече, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан.
Добавить комментарий ×